Кыргызстандын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жаңы реестрин түзүүнү аяктады. Ачык базага 2 959 басылма тууралуу маалымат киргизилип, бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлады.
Министрликтин маалыматына караганда, реестр аркылуу катталган ЖМКлар тууралуу маалымат алууга жана жаңы басылманы каттоого документ тапшырууга, буга катталган-катталбаганын текшерүүгө болот.
ЖМКларды мамлекеттик каттоо тартиби да жаңыртылды. Эми каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук форматта берилет. Аны Юстиция министрлигинин сайтынан көчүрүп алса болот.
Жаңы эрежеге ылайык, ЖМКнын уюштуруучусу же аталышы өзгөргөн учурда кайра каттоодон өтүү талап кылынат. Ал эми башка маалыматтар өзгөрсө, министрликке 30 календардык күндүн ичинде кабарлоо зарыл.
Мындан тышкары, реестрге маалымат киргизүү мөөнөтү жети жумушчу күндөн үч жумушчу күнгө чейин кыскартылды. Реестрден көчүрмө жети жумушчу күндүн ичинде берилет.
Жаңы реестр Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 токтомун ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн. Токтом ЖМКларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартибин жөнгө салат.
Президент Садыр Жапаров коомчулукта талаш жараткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга былтыр августта кол койгон. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы документке ылайык, массалык маалымат каражаты юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн кийин маалымат таратууга укуктуу экенин, ЖМКнын иши негиздөөчү же соттун чечими менен гана токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн экенин билдирген.
2024-жылы Юстиция министрлиги Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөнүн билдирген.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, жарандык коом менен эркин медиа өкүлдөрү президент Садыр Жапаровду парламентте өзгөртүүлөр менен кабыл алынган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырган. Алар документ кабыл алынса сөз эркиндигине, көз карандысыз ЖМКларга кедергисин тийгизе турганын билдиришкен. (КЕ)
Кыргызстанда ЖМКлардын жаңы реестрине 3 миңге жакын басылма кирди
Шерине