Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Кыргызстан боюнча 13 маммограф жабдыгы орнотулат

Бишкек, Кыргызстан
Бишкек, Кыргызстан

Кыргызстандын аймагында аялдардын эмчек рагын эрте аныктоо үчүн 13 маммограф алынат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурбек Букуев билдирди.

"Оорулар жашарып жатат. Ошого коңгуроо кагып, диагностикалык жабдыктарды сатып алып жатабыз. Айта кетчү нерсе, JIKA коомунун, депутаттардын колдоосу менен Онкология жана гематология борборуна эки жаңы маммограф коебуз. Ал көкүрөк безинин алдын алууга чоң жардам берет. Андан тышкары, республика боюнча Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча 13 маммограф орнотобуз", - деди Букуев.

Кыргызстанда октябрь эмчек рагы боюнча маалымдуулукту жогорулатуу айы катары белгиленет.

Адистердин белгилешинче, рактын алдын алуу үчүн 34-64 жаштагы аялдар жылына бир маммографиядан өтүп, текшерилип турууга тийиш.

Бирок аймактарда бул жабдыктын жана дартты эрте аныктаган скринингдин жоктугу эмчек рагынын алдын алууга тоскоол болуп жатканы айтылып келет.

Кыргызстанда рак илдети менен 35 миңден ашуун адам каттоодо турат. Аялдар арасында эмчек рагы көп катталып, жыл сайын 800дөн ашууну ооруканага кайрылат. Алардын көбү дарты өтүшүп кеткенде келет.

2024-жылы бул дарттан 273 аял каза тапкан. (ST)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG