Ош Техноголиялык университетине караштуу коллеждин үч студенти Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студентин сабоого шектелип кармалды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) маалымдагандай, 28-октябрда социалдык тармактарда белгисиз жарандардын бир адамды уруп жатканы тартылган видео тараган. Шаардык милиция окуянын кайда болгонун жана андагы адамдарды тактап, жыйынтыгында ОшТУга караштуу коллеждин 1-курсунун студенттерин кармаган.
"Тергөө кызматынын баштапкы маалыматына караганда, 27-октябрь күнү шектүүлөр Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун эки студентин аталган окуу жайдын спорт аянтчасына жакын жерде токмоктошкон. Учурда окуя боюнча ар тараптуу иликтөөлөр башталды, жабырлануучулардын алган жаракатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирди ШИИБдин басма сөз кызматы.
Милиция шектүүлөрдөн башка жабыр тарткандар болсо, Ак-Буура милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырган.
Мектептердеги, кесиптик жана жогорку окуу жайлардагы чоңсунуу токтобой жатканы тууралуу коомчулукта байма-бай айтылып келет.
Президент Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун жашоочулары менен жолугушууда өспүрүмдөр арасында чоңсунууга жол берилбесин, мындай окуяларга катышы бар балдарга катуу жаза көрүлөрүн эскерткен.
17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгон. Тергөөдө кылмышка шектүү катары 17 жаштагы эки бала кармалып, 17-ноябрга чейин камакка алынган.
18-сентябрда Чаткал районунда 9-класстын окуучусу 11-класстын окуучуларынын зомбулугунан көз жумган. 17 жаштагы төрт өспүрүм кармалып, соттун чечими менен 19-ноябрга чейин камакка алынган.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 14кө көп. (ZKo)
Шерине