Украинанын Орусия басып алган Олешки шаарында ок атышууларды токтотуу режими бузулбай сакталып жатат.
Мындай маалыматты Орусиянын акыйкатчысы Яна Лантратова билдирди.
Украинанын омбудсмени Дмитрий Лубинец да Олешкиде жымжырттык режими эреже бузуусуз уланып жатканын кабарлады.
"Тараптар өздөрүнө алган милдеттерди толук аткарып жатышат. Бир дагы эреже бузуу катталган жок", — деп жазды Лантратова соцтармактагы баракчаларына.
Лубинец болсо 30-октябрда шаарга гуманитардык жүк жеткирүү пландалып жатканын айтты.
Украинанын Херсон облусуна караган Олешки калаасында ок атышууларды токтотуу режими 27-октябрда Москва убактысы боюнча түнкү саат 03:00дөн тарта башталган.
Макулдашууга АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп жана Рим папасы Леон XIVнин ортомчулугу менен жетишилген.
Мелания Трамптын айтымында, Олешкиге америкалык Newsmax телеканалынын төрт журналисти жөнөп кеткен, алар "көз карандысыз" байкоочу катары кырдаалга байкоо салышат. Тынчтык режими 1-ноябрга чейин уланары күтүлүп жатат.
Олешкини орус аскерлери 2022-жылдын февраль айынын аягында, Украинага кеңири масштабдагы басып киргенден кийин басып алган. Шаар азыр Орусиянын көзөмөлүндө.
Шерине