Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

АКШ Мамдепартаменти Украинага Patriot үчүн 500 ракета сатууну жактырды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага Patriot абадан коргонуу системалары үчүн PAC-3 үлгүсүндөгү 500 ракета жана ага тиешелүү жабдык сатууга мүмкүндүк берүүчү келишимди жактырды. Анын болжолдуу наркы 2,1 миллиард долларды түзөт. Каражатты Европадагы өнөктөш өлкөлөр бөлүп берет. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында маалымдалды.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө караганда, Киев PAC-3 үлгүсүндөгү 500 ракетаны сатып алууга өтүнүч берген. Мекеме бул келишим "Европадагы саясий жана экономикалык туруктуулуктун негизги факторлорунун бири болгон өнөктөш өлкөнүн коопсуздугун бекемдөө аркылуу АКШнын тышкы саясий жана улуттук коопсуздук максаттарына шайкеш келерин" белгиледи.

"Сунушталып жаткан сатуу Украинанын абадан жана ракеталык чабуулдардан коргонуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу аркылуу учурдагы жана келечектеги коркунучтарга каршы туруу дараметин күчөтөт. Бул келишим Украинанын куралдуу күчтөрүндө колдонулуп жаткан Patriot системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого жана уланып жаткан аба коркунучтарына каршы күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Украина бул товарларды жана кызматтарды өзүнүн куралдуу күчтөрүнө оңой интеграциялай алат", - деп айтылды билдирүүдө.

Октябрдын ортосунда Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Украинанын президенти Владимир Зеленский Patriot системалары үчүн ракеталар жетишсиз болуп жатканын айткан.

Ал эми Мамдепартаменттин соңку чечимин Зеленский кубаттап, «күчтүү чечим» деп атады. Бирок, анын айтымында, азыркы пландар боюнча ракеталарды жеткирүү бир нече жылдан кийин гана башталышы мүмкүн.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG