Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:48

Кыргызстан кытай юанында баалуу кагаз чыгарууну караштырып жатат

Алмаз Бакетаев
Алмаз Бакетаев

Кыргызстан 2027-жылы кытай юаны менен мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну пландап жатат.

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев Bloomberg агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт баалуу кагаздарды (облигация) Гонконг же Шанхай фондулук биржасына жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

"Биз Батыш рыногун сынап көрдүк, эми Чыгышка көз чаптыра турган мезгил келгендей. Ал жакта облигациялар, сыягы, арзаныраак болот", - деген Алмаз Бакетаев

Басылманын маалыматында, өкмөт кабыл алынышы мүмкүн болгон келишимдин үстүнөн өзүнүн кеңешчиси - Oppenheimer & Co. Inc. компаниясы менен бирге иш алып барууда.

Баалуу кагаздарды кытай валютасында чыгаруу чечими юандын Кыргызстандын экономикасындагы ролу өсүп жатканына жана бул өлкө менен соода байланыштарынын активдүүлүгүнө байланыштуу.

Кыргызстан муну менен катар эл аралык резервдериндеги юандын үлүшүн дагы көбөйткөн. Былтыр Кытай Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестиция салган эң ири өлкө болуп, жалпы инвестиция агымынын дээрлик жарымы ага туура келген.

Ноябрь айында Гонконгдо инвесторлор менен жолугушуу өтөт. Ошол эле учурда юань менен облигация чыгаруу боюнча акыркы чечим жана аларды жайгаштыруу мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша болот.

Эске салсак, 2025-жылы Кыргызстан эл аралык еврооблигациялар рыногуна биринчи жолу чыгып, 700 миллион доллар тарткан.

Кыргызстан облигацияларды эгемендик алгандан бери чыгара баштаган. Облигация жөнөкөй сөз менен айтканда - тилкат.

Мисалы, Кыргызстанга жол, мектеп, оорукана курууга же бюджеттин чыгымдарын жабууга кошумча каражат керек болгондо өкмөт эл аралык инвесторлорго облигация сунуштайт. Инвесторлор ошол облигацияларды сатып алып, мамлекетке акча берет. Мамлекет болсо белгиленген мөөнөттө акчаны үстөгү (пайызы) менен кайтарып берүүгө милдеттендирилет.(ST)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG