Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:08

Самарада дрон чабуулунан "Транснефтинин" ишканасында өрт тутанды

Новокуйбышев шаарындагы мунай иштетүүчү заводдун үстүнн чыккан коюу түтүн. 31-октябрь, 2026-жыл
Новокуйбышев шаарындагы мунай иштетүүчү заводдун үстүнн чыккан коюу түтүн. 31-октябрь, 2026-жыл

Украинанын дрондору 2-ноябрга караган түнү Орусиянын Самара облусуна чабуул койду. Облустун губернатору Вячеслав Федорищев чабуулдун мизи кайтарылганын билдирди. Самаранын мэри Иван Носков да дрон коркунучу жарыяланганын маалымдады.

Украинанын Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары "Транснефть" компаниясынын "Самара" линиялык өндүрүштүк-диспетчердик станциясында өрт чыкканын кабарлашты. Astra басылмасы жарыялаган талдоо да түтүн аталган объектиден көтөрүлүп жатканын көрсөтөт.

"Самара" станциясы мунайды кабыл алуу, аралаштыруу жана магистралдык куурлар аркылуу ташуу менен алектенген ири объект болуп саналат. Ал быйыл октябрь айында да бир нече жолу чабуулга кабылган. Astraнын маалыматына караганда, 7-октябрдагы чабуулдан кийин төрт ири резервуар талкаланып, чоң өрт чыккан.

Орусиянын Коргоо министрлиги 2-ноябрга оогон түнү украиналык 212 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Негизинен учкучсуз учактар Брянск, Белгород, Курск, Калуга, Тула, Воронеж, Псков, Орёл, Липецк, Саратов, Самара, Рязань, Тамбов жана Ростов облустарынын, Москва аймагынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын үстүндө, ошондой эле Кара жана Азов деңиздеринин акваторияларында жок кылынган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG