Түркиянын Стамбул шаарында үйлөнүү той учурунда чыккан жаңжалдан 33 жаштагы түркмөнстандык жаран каза болду. Бул тууралуу 4-ноябрда түркиялык Medyatava басылмасына таянып "Азаттык Азия" жазды.
Маалыматка караганда, окуя 31-октябрдын кечинде Күчүкчекмеже районундагы тойканалардын биринде болгон. Той маалында эки топ ортосунда талаш чыгып, кийин жаңжал күчөгөн. Басылма жаңжалга катышкандардын айрымдары мас абалда болгонун билдирди. Бычак жеген түркмөнстандык ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес. Кылмышка шектүү жаран кармалып, камакка алынды.
Буга чейин түрк маалымат каражаттарында тойдогу мушташтан Өзбекстандын жараны каза болгону тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк Өзбекстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу бул маалыматты четке каккан.
Каза болгон жаран Стамбулга качан жана кандай максатта барганы азырынча такталган жок. Түркмөнстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу окуя боюнча комментарий бере элек.
Шерине