Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Курулуш жай жүргөн 31 компанияга жаңы объект баштоого уруксат берилбейт

Майыптыгы бар балдар үчүн бала бакчанын курулушу. Бишкек. 17-март, 2026-жыл. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду, жаңылыкка тиешеси жок
Майыптыгы бар балдар үчүн бала бакчанын курулушу. Бишкек. 17-март, 2026-жыл. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду, жаңылыкка тиешеси жок

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 5-ноябрда журналисттер менен басма сөз жыйынын уюштуруп, анда иши абдан солгундап кеткен, жай жүрүп жаткан 31 курулуш компаниясына мындан ары жаңы курулуш баштоого чектөө коюлганын айтты.

Орунтаев мунун алдында аталган 31 мекеменин жетекчилери менен жыйын уюштурганын да белгиледи.

"Кээ бирлери объектилеринин курулушун 2020-жылдары эле баштаганы менен бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турган. Аларга жаңы курулушту баштоого тыюу салынды. Алардын иши тыкыр көзөмөлдө болот. Биздин адистер күн сайын барып, бүтпөй турган объектилеринде иш кандай жүрүп жатканын көзөмөлгө алып турат. Эгер жумуштарды аягына чыгарбаса, биз укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болобуз. Ушундай жол менен биз жыл аягына чейин иштерди бүтүргөнгө бел байлап турабыз".

Курулуш министринин айтымында, мындай чечимге жарандардан түшкөн арыздар негиз болгон.

Орунтаев мисал катары "Альфа-Девелопмент" компаниясынын солгундаган ишин белгилеп, мекеме үч объектисин бүтүрбөй жатканын айтты. Ал ошондой эле мындай компаниялардын ишин чектөө аргасыз чара экенин кошумчалады.

Буга чейин министрдин буйругу менен курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, үлүштүк катышуу келишимдерин түзүүгө, жарандардын жана юридикалык жактардын каражаттарын тартууга, ошондой эле объектилерди жарнамалоого тыюу салынган. (KS)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG