Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

АКШ Ирандын өзөктүк программасы тууралуу маалымат үчүн 20 млн доллар убада кылды

Иран. Натaнз шаарына жакын жайгашкан өзөктүк объекттин аймагындагы «Пикакс тоосу» туннелдик комплексинин кире бериши спутниктен тартылган сүрөттө көрсөтүлгөн. 2026-жылдын 21-июну.
Иран. Натaнз шаарына жакын жайгашкан өзөктүк объекттин аймагындагы «Пикакс тоосу» туннелдик комплексинин кире бериши спутниктен тартылган сүрөттө көрсөтүлгөн. 2026-жылдын 21-июну.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маалымат бергендерге 20 миллион долларга чейин сыйлык төлөөгө даяр экенин 6-ноябрдын кечинде жарыялады.

Мекеменин Rewards for Justice (RFJ) программасы тараткан билдирүүдө айтылгандай, сыйлык Ирандын өзөктүк объектилери, жабдуулары жана аларга тиешеси бар кызматкерлер тууралуу маалымат үчүн сунушталууда. Бул кызматкерлердин катарына илимий чөйрөнүн өкүлдөрү да кирери белгиленген.

Билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) 2025-жылы Иран уранды 60 пайызга чейин байытып жатканын маалымдаганы айтылган. Документте бул деңгээл өзөктүк курал жасоого керектүү 90 пайыздык көрсөткүчтөн техникалык жактан анча алыс эмес экени жазылган.

АКШ Иран азыркы тапта өзөктүк куралы жок өлкөлөрдүн арасында уранды мындай жогорку деңгээлде байытып жаткан жалгыз мамлекет экенин белгилөөдө. Адистердин эсебинде, бул материал кошумча байытылган учурда бир нече өзөктүк дүрмөт жасоого жетиши мүмкүн.

Президент Дональд Трамп буга чейин Израил менен биргеликте Иранга каршы операциясынын негизги максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин бир нече жолу билдирген. Ал ошондой эле АКШ менен Израилдин аба соккуларынан кийин Ирандын өзөктүк программасы жок кылынганын айтып келген.

Трамп мурда Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн чектөө жана дүйнөлүк деңиз соодасы үчүн маанилүү болгон Ормуз кысыгын кеме каттамы үчүн кайра ачуу сыяктуу максаттарды да атаган.

1984-жылы түзүлгөн Rewards for Justice программасы алгач эл аралык терроризмге каршы күрөшүү үчүн негизделген. Кийин анын ишмердиги кеңейип, АКШдагы шайлоолорго чет мамлекеттердин кийлигишүүсү, зыян киберишмердик жана Түндүк Кореяга байланыштуу маалыматтарды чогултуу багыттарын да камтый баштаган.

Иран бийлиги өзөктүк программасы тынч, жарандык гана максатты көздөй турганын, уранды байытуу программасы электр энергиясын өндүрүү, медицина жана илимий изилдөөлөр үчүн керек экенин билдирип келет. Расмий Тегеран Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин (NPT) катышуучусу катары атом энергиясын тынч максатта пайдаланууга мыйзамдуу укугу бар экенин жүйө келтирет. (RK)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG