ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Зеленский Орусия Украинага каршы 27 баллистикалык ракета учурганын айтты

Киев. 2026-жылдын 20-ноябры.
Киев. 2026-жылдын 20-ноябры.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-ноябрга караган түнү Орусия Украинага жапырт аба чабуулун жасаганын билдирди.

Анын айтымында, орус күчтөрү өлкө аймагына 400дөн ашык сокку уруучу дрон жана 110 ракета учурган. Алардын 27си баллистикалык ракета болгон. Зеленский абадан коргонуу каражаттарынын жетишсиздигинен улам украин күчтөрү баллистикалык ракеталардын үчөөнү гана атып түшүрө алганын айтты.

Украин жана орус булактарынын маалыматына караганда, ракеталардын айрымдары кассеталык дүрмөттөр менен жабдылган. Мындай ок-дары мүмкүн болушунча көбүрөөк зыян келтирүүгө багытталган.

Зеленский бул чабуулду Орусия президенти Владимир Путиндин Кытайдагы жолугушууларынан кийинки көрсөтмө кадам катары баалады. Бир күн мурда Путин Дональд Трамп жана Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Керч кысыгындагы көпүрөгө жасалган сокку үчүн Украинага «катуу жооп» берилерин айткан.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат түнкү чабуулду толук масштабдуу согуш башталгандан берки эң ири соккулардын бири деп мүнөздөдү.

Соңку маалыматтар боюнча, чабуулдан сегиз адам каза болду. Алардын алтоо Киевде, экөө Львовдо набыт болгон. Ондогон адам жаракат алды.

Ошондой эле Украинанын бир катар облустарында авариялык электр өчүрүүлөр киргизилген. Маалыматтарга ылайык, эки орус ракетасы жана бир дрон Польшанын аймагына түшкөн.

XS
SM
MD
LG