ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

"Шарты начар, карашпайт". Сахароводо эки жүздөй кыргызстандык камалып отурат

Сахароводогу жабык жай. Коллаж.
Сахароводогу жабык жай. Коллаж.

17-ноябрда Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвадагы “Сахарово” борборундагы кыргызстандыктар менен жолукту. Мекемеде Кыргызстандын 189 жараны, анын ичинде 33 аял кармалып турганы маалымдалды. “Сахарово” борбору Москванын четинде чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жабык жай.

Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон мигранттар мекенине кайтарылганга чейин ушул мекемеде болот.

Шарты начар, карабайт экен

Орусиядагы мигрант Курсанбек Тургунбаевдин жакыны Москвадагы “Сахарово” борборунда бир айга жакын кармалып, кийин Кыргызстанга депортацияланган.

Тургунбаевдин айтымында, ал жакта кармалгандарга шарт түзүлгөн эмес:

Курсанбек Тургунбаев
Курсанбек Тургунбаев

“Досумдун уулунун документи, баары-жогу жайында болчу. Ишке кирди, расмий жумушка киргизгем. Эртең мөөр басылат деген күнү кармап кетишти. Өздөрү себеп таап туруп эле “Сахарового” алып барып, отургузуп коюшту. Шарты начар дейт. Мен муну ачык эле айтам, жашырыштын кереги жок. Карабайт дейт. Тамак-ашты өздөрү сатып алышат. Айтпадымбы, аяш уулум Кыргызстанга кеткенче ага дээрлик 20 миң рублдай акча котордум. Күн ара которуп жаттым 1,5-2 миң рублдан. Ошол жерде дүкөнү бар экен. Ошол дүкөнгө акча которуп коёбуз. Аяш уулумдан тамак-ашты бир гана сен алып жатасыңбы десем, “жок, бул жерде 10-15 бала барбыз, бир бөлмөдө алтообуз жатабыз. Өзүбүз кезек кылып алганбыз” деди”.

Миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөр кармалчу “Сахарово” борбору абак жай эмес. Мында мыйзам бузду делген мигрант мекенине депортация болгонго чейин кармалып турат.

Орусиянын мыйзамына ылайык, борбор ар бир чет өлкөлүккө өзү билет сатып берип, депортация учурунда коштоп турушу керек. Бирок иш жүзүндө андай эмес.

“Кыргызстандан досум 70-80 миң рубль акча салды. Барып “Сахаровонун” өзүнөн 60 миң рублга учакка билет алышты. Ар шаршемби, жума күндөрү “отправка” болот экен. Ошого илештирдик. 60 миң рубль төлөп, билет алып, ошентип досумдун уулу Кыргызстанга кетти. Мисалы, сыртта, Москванын аэропортторунда билет 18-20 миң рубль турат. Эгер сырттан билет алып барсаң жөнөтпөй, “отправка” кылбай коёт экен. Билетиң күйүп кетет экен. Ошондой көйгөйлөр болуп жатат”, - дейт Курсанбек Тургунбаев.

Акыйкатчы “Сахарового” барды

Кыргызстандын акыйкатчы институту Москвадагы “Сахарово” борборунда кармалып турган жарандардан кабар алганын билдирди. Мигранттар акыйкатчыга Орусиядан чыгаруу шарттары жана депортациядан кийинки укуктары боюнча суроолорду беришкен.

“Мен көрүп турам, айрымдарыңыздар кабыл алынган чечимдерге өз убагында даттана албай, натыйжада көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине киргизилип калгансыздар. Айрым учурларда мындай маселелер иш берүүчүлөр өз милдеттерин аткарбагандыктан келип чыккан. Башка өлкөгө барардан мурда анын мыйзамдарын, талаптарын жана миграциялык эрежелерин билүү зарыл. Бул өз укуктарыңарды коргоого жардам берет. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт. Силерге карата негизсиз чечимдер кабыл алынган учурда өз убагында арыз берип, даттануу маанилүү”, - деди акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жолугушуу учурунда.

“Сахароводогу” мигранттардан кабар алганы акыйкатчы менен кошо Москвадагы элчиликтин өкүлдөрү да барышканы айтылды.

Маалыматка караганда, 17-ноябрга карата “Сахароводо” Кыргызстандын 189 жараны, анын ичинде 33 аял кармалып турган. Анын ичинен 28 мигрант мекенине жөнөтүүгө даярдалып жатканы айтылган.

"Сахароводо" кордук көргөн мигрант

No media source currently available

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

​
XS
SM
MD
LG