Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Жыл башынан бери "Сахароводон" 3,5 миңден ашык кыргыз жараны депортацияланды

Москванын четиндеги “Сахарово” миграциялык борбору.
Москванын четиндеги “Сахарово” миграциялык борбору.

Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунан быйыл жыл башынан бери Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган деген негизде Кыргызстандын 3 598 жараны өз өлкөсүнө чыгарылды. Бул тууралуу 18-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан борбордо ушул күндөрү Кыргызстандын 233 жараны, анын ичинде 48 аял кармалып турат. Жакынкы күндөрү 10го жакын кыргызстандыкты мекенине жөнөтүү пландалып жатат.

ТИМ 17-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулу “Сахарово” миграциялык борборуна барып, ал жерде кармалып турган кыргыз жарандарын мекенине мүмкүн болушунча тез арада жөнөтүүнү уюштуруу маселесин талкуулаганын билдирди.

“Сахарово” борбору – Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жабык мекеме. Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон чет өлкөлүк жарандар мекенине кайтарылганга чейин ушул жайда кармалып турат. Аларга уюлдук телефонго видео тартууга, сүйлөшүүгө уруксат берилбейт жана ар төрт күндө кнопкалуу телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилет. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG