Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Сууга чөккөн баланы издөөдө курман болгон Казыбековдун үй-бүлөсүнө батир берилди

Батирдин ачкычын Адылбек Касымалиев берди.
Батирдин ачкычын Адылбек Касымалиев берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы Самара Равшан кызына батирдин ачкычын тапшырды.

“Ынтымак ордонун” маалыматында маркумдун үй-бүлөсүнүн турак жайы болгон эмес.

23-июнда Талас облусунун Чоң-Токой айылында Талас дарыясына түшүп жатып, 16 жаштагы бала агымга туруштук бере албай агып кеткен.

Аскар Казыбеков 27-июнда баланы суудан издөө иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон. Ал ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдук кызмат) терең сууга түшүүчү куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы болуп иштеп келаткан.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Аскар Казыбеков кызматтык милдетин аткаруу учурунда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн “Эрдик” ордени менен каза болгондон кийин сыйланган.

Сууга агып кеткен баланы издөө иштери уланып жатканы менен азырынча жыйынтык чыга элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG