Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Президенттик шайлоону дайындоо сунушу ЖК комитетине түштү

Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаттары. 9-сентябрь, 2026
Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаттары. 9-сентябрь, 2026

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине президенттик шайлоону дайындоо боюнча сунуш түштү. Маселе комитеттин 22-сентябрдагы отурумунда каралып, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров баяндама жасайт.

Тармактык комитет сунушту карап, чечим кабыл алгандан кийин токтом долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Президент Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн.

Шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш белгилейт. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG