ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Кривой Рогдо жабыркагандар саны алтымышка чамалады, арасында балдар бар

Кривой Рог, 20-ноябрь, 2026
Кривой Рог, 20-ноябрь, 2026

Орус армиясынын Украинанын Кривой Рог шаарына жасаган соккусунан жабыркагандардын саны 58ге жетти. Бул тууралуу шаардык Коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын 28и ооруканага жаткырылган, алардын бешөө балдар. Жараат алган 11 кишинин абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш адамдын арасында 17 жаштагы өспүрүм да бар.

Буга чейин 20 киши жараат алганы, ошондой эле 20 жаштагы фельдшер менен жети жаштагы бала каза болгону кабарланган.

Днепропетров облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа төрт, тогуз, 11, 16 жана 17 жаштагы балдардын абалы оор экенин билдирди. Дарыгерлер үч жаштагы кыздын абалын орточо оор деп баалап жатышат.

Жараат алгандардын үчөө тез жардам кызматынын жана Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери.

Соккудан улам Кривой Рогдун борборунда төрт жерде өрт чыгып, кийин өчүрүлдү. Натыйжада 25ке жакын көп кабаттуу үй, оорукана, билим берүү жана өнөр жай мекемелери, коммерциялык объектилер, ресторан, гараж, тез жардам унаасы жана тургундардын автоунаалары зыян тартты.

Вилкулдун айтымында, коммуналдык кызматтар газ жана электр тармактарын калыбына келтиришти. Шаарда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн штаб иштеп жатат. Чабуулдун кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Орусия 21-ноябрга караган түнү Украинага үч баллистикалык ракета жана 148 дрон менен сокку урду. Украин армиясы алардын 117син атып түшүргөнүн билдирди. Атып түшүрүлгөн учкучсуз аппараттардын 67си реактивдүү дрондор болгон.

XS
SM
MD
LG