Ички иштер министрлиги Талас шаарында бир адамды бир топ киши сабаган окуя боюнча козголгон кылмыш ишиндеги айып Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ("Адам өлтүрүүгө аракет кылуу") өзгөртүлгөнүн 24-ноябрда билдирди. Буга чейин Талас облустук милициясы бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун маалымдаган.
Министрликтин маалыматына ылайык, кармалган тогуз кишинин бири милиция кызматкери. Ошондой эле 17-ноябрда жана 20-ноябрда болгон эки өзүнчө окуя тууралуу маалымат берилди.
Тергөө маалымдагандай, 17-ноябрда 1994-жылы туулган Т.Н. жана 1995-жылы туулган А.Ш. Таластагы соода борборлорунун биринин жанында С.Н. аттуу жаранды сабап, кийин аны шаардын четиндеги ипподромго алып барып ур-токмокко алууну уланткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси ("Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, Т.Н. жана А.Ш. кармалган.
Экинчи окуя 20-ноябрга караган түнү катталган. Анда А.Ш. аттуу жаранга бир топ киши кол салып, сабаган. Мындан тышкары, шектүүлөрдүн бири аны автоунаасы менен сүзгөнү айтылууда. Бул окуяга байланыштуу 1994 жана 1995-жылы туулган жети адам кармалган.
Белгилей кетсек, сабалды делген А.Ш. аттуу жарандын инициалдары 17-ноябрдагы окуяда адам сабоого шектелип кармалган А.Ш.нын инициалдары менен дал келет. Бирок ИИМ алар бир эле адам экенин ырастай элек.
Сот кармалган тогуз адамдын бөгөт чарасын карап, камакка алган.
Шерине