ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Мигрант ата-энеге талапты күчөтүү сунушталды

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек миграциясында жүргөн жарандарды балдарын табыштап кеткен жакындары менен юридикалык жактан камкорчулук боюнча келишим түзүүгө милдеттендирүүнү карап жатат. Бул тууралуу министр Алмаз Имангазиев 24-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирип, мындай чара мигрант ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү максатында экенин тактады.

“Балдарын чоң ата-чоң энесине, туугандарына калтырганда көп балдарга туруктуу көзөмөл болбой, алар кылмышка барып же балдардын өзүнө карата камкорчулардан мыйзам бузуу болгон фактылар орун алып жатат”, - деди Имангазиев.

Кыргызстанда мигранттардын жакындарынын колунда калган балдары 84 миңди түзгөнүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков 24-апрелде парламенттеги “Ишеним” депутаттык тобунун жыйынында билдирген.

Былтыр январда президент Садыр Жапаров балдар менен иш алып барган социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүү боюнча жарлык чыгарып, 550 штаттык бирдик кошулган. Алар турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен иштей турган болгон.

Укук коргоочулар түрдүү зомбулукка кабылган балдардын көбү ата-энеси миграцияда жүргөндөр экенин айтып келишет.

​
XS
SM
MD
LG