2027-жылдагы ажылык сапардын баасы 5800 доллар болуп бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Былтыр ажылыкка баруу наркы бир адам үчүн 4650 доллар түзгөн. Ошентип, жаңы баа 1150 долларга жогорулады.
Дин башкармалыгы баанын өсүшүн келерки жылдан тартып ажыларга мурдагыдай акысыз мейманканалар берилбей турганы менен түшүндүрдү.
Буга чейин Меккедеги вакф мекемелери кыргызстандык ажылар үчүн мейманканаларды акысыз бөлүп берип келген. Бирок бул имараттар шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашып, 14 мейманкана төрт-беш өзүнчө аймакка бөлүнгөн. Ар биринде 200дөн 500гө чейин гана адам жайгаша алган.
Мындай шарт ажыларды бирдей тейлөөдө, уюштуруу иштерин жүргүзүүдө жана зарыл учурда жардам көрсөтүүдө кыйынчылык жараткан. Андан тышкары, мейманканалардын шарттары талапка толук жооп бербей, айрым документтерди тариздөөдө да маселелер жаралган.
Ушундан улам ажыларды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынганы айтылды.
Дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылы ажылык сапарга 6060 адам барган. 2027-жылдагы ажылык үчүн да Кыргызстанга 6060 орун бөлүнгөн.
Шерине