29-ноябрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Запорожье жана Одесса шаарларына сокку урганы кабарланды. Запорожье облустук администрациясынын башчысы Михаил Семикиндин маалыматына караганда, орус күчтөрүнүн облус борборуна урган соккусунан бир аял мерт болуп, дагы эки тургун жараат алган. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы жазды.
Жарадар болгондордун бирин куткаруучулар урандылардын астынан алып чыгышкан. Запорожьенин Коргоо кеңешинин башчысы Иван Федоров тактагандай, ал 14 жаштагы кыз жана учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Одесса шаардык администрациясынын башчысы Сергей Лысак түнкү аткылоодон улгайган аял каза тапканын билдирди. Анын айтымында, чабуулдан улам шаардагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн бири жабыркаган.
Орусия тарап да түндө дрон чабуулдарына кабылганын кабарлады. Москванын мэри Сергей Собянин социалдык тармактардагы баракчасына жазгандай, ишембиде саат 17:00дөн 29-ноябрдын таңкы саат 07:00үнө чейин Москва аймагына 542 учкучсуз учак учурулган. Мэр "алардын көпчүлүгү Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрү тарабынан зыянсыздандырылганын, ал эми 105 дрон Москвага жакындап калганда атып түшүрүлгөнүн" белгиледи. Собянин чабуулдун кесепеттери тууралуу маалымат берген жок. Учурда Москванын «Шереметьево» жана «Внуково» аэропортторундагы учууларга киргизилген чектөөлөр алынды.
Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев түн ичинде аймактын үстүнөн 20дан ашуун украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ал "каршылаш тарап кайрадан облустун өнөр жай ишканаларын бутага алганын" жазып, бирок кайсы объектилерге чабуул жасалганын жана кыйроолор бар-жогун тактаган жок. Губернатор баштапкы маалыматтар боюнча каза болгондор жана жабыркагандар жок экенин, учурда ыкчам иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Украиналык мониторинг каналдары чабуулдун бутасы Самара облусунун Тольятти шаарындагы "Тольятти каучук" химиялык комбинаты болушу мүмкүн экенин жазышууда. Сокку урулган жерден тартылганы айтылган сүрөттө коюу түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.
Тольятти шаарынын мэри Илья Сухих калаа дрон чабуулуна кабылганын ырастап, жабыркагандар жок экенин билдирди. Ал дагы соккунун кесепеттерин ачыктабастан, "учкучсуз учактар кулаган жерлерде чукул кызматтар иштеп жатканын" маалымдады.
Шерине