ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

Соңку беш жылда 2,5 миңден ашуун жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинди

"Жүк-200". Архив. Ош аэропорту.
"Жүк-200". Архив. Ош аэропорту.

Акыркы беш жылда Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн сөөгү алып келинген кыргызстандыктардын саны 2 жарым миңден ашат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Азаттыкка” билдиргендей, алардын 2 миң 118и Орусиядан алып келинген.

Эң жогору көрсөткүч 2022-жылга туш келип, Кыргызстанга жалпы 623 “Жүк-200” келген. Анын ичинен Түркиядан 32, Казакстандан 18, Индиядан 11, АКШдан 7, Бириккен Араб Эмираттары, Германиядан, Түштүк Кореядан үчтөн жана бир катар өлкөлөрдөн бирден сөөк алып келинген.

2023-жылы жалпы 581, 2024-жылы 544, 2025-жылы 458 “Жүк-200” Кыргызстанга жеткирилген.

Быйыл он айда 339 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди. Анын 261и Орусиядан алынып келинген.

Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдан тартып бул өлкөдө иштеген кыргызстандык мигранттардын саны кескин азайган. Май айындагы маалымат боюнча, Орусияда 268 миң 460 кыргызстандык миграциялык каттоодо турат.

XS
SM
MD
LG