Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кочкор-Атада мунай өндүргөн жабдуу ишке киргизилди


Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, президент Роза Отунбаева Жалал-Абаддагы иш сапарын Кочкор-Ата шаарынан баштады. Президент оболу шаардагы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун мунай өндүрүүчү жабдуусун ишке киргизүү аземине катышты. Баасы 4 миллион долларга жакын бул жабдуу Кытайдан алынып келинген, ишке кирсе аталган ишкананын мунай өндүрүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулайт. “Кыргызнефтегаз” былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу 14 пайызга көп киреше тапкан, Ноокен районунун бюджетинин 80 пайызын камсыздайт.

Роза Отунбаева азыр Жалал-Абад шаарына баратат, ал жерден июнь коогасында күйүп кеткен үйлөрдү кайра куруу иштери менен таанышат. Андан соң бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучулар менен кездешет. Президент кечинде шаардагы Барпы театрында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повести боюнча даярдалган “Жомоктон кийин” деп аталган спектаклди көрөт. Алдын ала маалыматка караганда, Отунбаеванын Жалал-Абаддагы иш сапары эртең да уланат. (EBM)

XS
SM
MD
LG