Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

БУУ түштүктө жараштыруу жараянына кошумча каражат бөлөт


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер менен жолугушту. Министр анда БУУнун өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, экономикалык-социалдык проблемаларды чечүүгө кошкон салымы чоң деп белгиледи. Ал айрыкча былтыркы июнь коогасынан кийинки гуманитардык жана каражат жагынан берилген жардамдар өлкө үчүн өтө маанилүү болгонун айтты. Уолкер мырза болсо БУУнун Тынчтык куруу кору Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жараштыруу жараяны үчүн кошумча каражат бөлө турганын айтты. Уолкердин Кыргызстандагы миссиясы бүтүп жатканына байланыштуу Казакбаев ага ардак грамота тапшырды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG