Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Ош облусунда жер титирөө болду


АКШнын геологиялык иликтөө борборунун бул картасында Кыргызстандагы зилзаланын очогу көрсөтүлгөн.
Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Абдушарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн саат 16:21де Ош облусунда жер титирөө катталды. Силкинүүнүн очогу Ош шаарынан 35 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, анын күчү 5 баллды түздү. Бул силкинүүнүн күчү Ош шаарында 3 балл, Алай районунун борбору Гүлчөдө 4 балл, Ноокат районун Кыргыз-Ата айылында 4 баллга жетти. Ал эми очокко жакын жайгашкан, Көк-Бел айыл округунда 4-5 баллды түздү. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар, кыйроолор каттала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG