Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Абакта отуруп чыккандар милдетүү түрдө дарылануудан өтүүгө тийиш


Жогорку Кеңештин кечээки отурумунда «Калкты кургак учуктан сактоо» мыйзамына өзгөртүүлөрдүн долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Ага ылайык абакта отуруп чыгып, кургак учукка кабылган жарандар милдеттүү түрдө дарылануу курсунан өтө турган болду. Дарылануудан баш тарткандар административдик жоопкерчиликке тартылмакчы. Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары абактан чыккандар көп учурда дарыланбагандыктан, өлкөдө кургак учук жайылганын белгилешкен. Оорунун таркалышын алдын алуу үчүн бул мыйзамды кабыл алуу демилгесин көтөрүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG