Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Президент чек араларды бекемдөө маселесине көңүл бурду


Президент Роза Отунбаева Жалал-Абад облусунун активдери менен жолугушуусунда чек араларды бекемдөө маселесине кайрылды. Өз сөзүндө Отунбаева чек араны бекемдөө баңгизат ташуу иштерине бөгөт коюп, эл аралык терроризм жана кылмыштуулук менен күрөшкө көмөкчү боло тургандыгын белгиледи. “Бул милдетти чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, чек ара аймагында жашаган элдин потенциалын арттыруу жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлүүдө. Андан тышкары, чек ара кызматынын курамын 500 адамга көбөйтүү туурасында чечим кабыл алынды”, - деди Роза Отунбаева.

Отунбаеванын бул жолугушуусу учурунда Жалал-Абад облусундагы абал, элдин жашоосун жакшыртуу жана региондун өнүгүшүү үчүн зарыл болгон чаралар туурасында пикир алмашуу болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG