Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Сирия Латакия порт-шаарына аскер жайгаштырды


Буга Латакиядагы өкмөткө каршы демонстрациялар учурунда, маалыматтарга караганда, 12 киши ок жаңылып өлгөнү себеп болду. Оппозиция активисттеринин айтышынча, демонстранттар 26-мартта бийликтеги БААС партиясынын шаардагы кеңсесин өрттөй баштаганда коопсуздук күчтөрү аларга ок ачкан. 25-марттагы нааразылык акциялары маалында 20дан ашык адам өлгөнү кабарланган.

Абалды жөндөө үчүн 27-мартта Ливия өкмөтү мурда Дераадагы демонстрация учурунда кармалган Диана Жавабраны абактан чыгарды.
26-мартта саясый жүйө менен кармалган 260 адам бошотулган эле. Активисттер эки аптадан ашуун убактан берки толкундоолордо 126 адам өлгөнүн айтышууда. Бийликтин ырасташынча, нааразылык чыгууларда 27 киши, анын ичинде 20 демонстрант өлгөн.

XS
SM
MD
LG