Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

“Фукусима” АЭСиндеги кырсык Германиядагы шайлоого таасир этти


Ба́ден-Вю́ртемберг жеринин парламентине болгон шайлоодо канцлер Ангела Меркел башындагы башкаруучу коалиция жеңилди. Эми 27-марттагы шайлоодо 24 пайыздан көп добуш алган "Жашылдар" партиясы штаттын премьер-министрин көрсөтөт жана 23 процент добуш алган Социал-демократтар менен бирге коалициялык өкмөттү түзөт. Акыркы 60 жылда Баден-Вюртембергди үзбөй бийлеп келген Меркел катарындагы Христиан-демократтык союзду шайлоочулардын 39 проценти колдоду. Бул ХДСке 5 процент гана добуш алган Эркин демократтар менен чогуу коалиция түзгөнгө жетишсиз.

"Жашылдар" Германияда өзөктүк электр станцияларды жаап, анын ордуна табигый энергоресурстарды пайдаланууну каалайт. Азыр Германия керектеген электр кубатынын төрттөн бирин АЭСтерден алат. Ба́ден-Вю́ртемберг аянты жана калкы боюнча Германиядагы үчүнчү чоң штат. Бул штатта Германиянын өнөр-жай продукциясынын бештен бири өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG