Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Ачкачылык кармагандар арасында ден соолугу начарлагандар жок


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза өтөө кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиев билдирди. Анын айтымында, түрмөдө отургандардын уюшма кылмыш топторунун өкүлдөрүнүн кармалышына байланыштуу талаптары мыйзамсыз. “Мунун артында кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери турат, абактардагы шарттын начардыгы жөн гана шылтоо болуп жатат”,-дейт Качкыналиев.

27-мартта жакындары абакта отурган 100гө чукул адам Бишкекте Ак үйдүн алдында нааразылык акцияга чыгышты. 25-марттан бери бардык түрмөлөрдө жана тергөө абактарында ачкачылык акциясы өтүп жатат. Кырдаалды жөнгөрүү үчүн атайын штаб түзүлүп, тартипти күзөтүү күчөтүлгөнү кабарланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG