Түндүк Атлантикалык альянстын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак катары БУУнун мандатына ылайык эми ал камсыздай баштады. НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску бүгүн Брюсселдеги маалымат жыйында буларды билдирди:
- НАТО азыр “Бирдиктүү коргоочу” операциясына деңизден да, Ливиянын аба мейкиндигинен да жетекчилик кылууда. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1973-резолюциясына ылайык, Улуттар уюмунун мандатынын аскерий аспектиси толугу менен НАТОго берилишине макулдугун өнөктөштөр өткөн түнү ырасташты.
Бул аралыкта Ливияда козголоңчулар Муаммар Каддафинин күчтөрүн кайра батышты көздөй сүрүүдө.
Бүгүн НАТОнун учактары Каддафинин кичи мекени – Сирт шаарына сокку урду. Такталбаган маалыматтарда козголоңчулар бул шаарды да алганы айтылат. Бирок батыштык журналисттер шаар али каддафичилердин колунда турганын кабарлашууда.
Араб өлкөлөрү ичинен алгачкылардан болуп Катар козголоңчулардын кыймылын Ливиянын мыйзамдуу бийлиги катары тааныды. Буга чейин ушундай кадамга Батыш мамлекеттери ичинен эң алгач Франция барган. Бирок расмий Париждин кадамын азырынча эч ким кайталай элек.