Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:02

Индия жана Пакистан тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууда

Нью-Делиде бүгүн башталган сүйлөшүүлөр 2008-жылы Мумбай шаарында 166 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан берки алгачкы расмий сүйлөшүү. Анын максаты - ортодогу чыңалуу жумшартып, токтоп калган тынчтык жараянды алга жылдыруу. Азыркы сүйлөшүүлөрдүн негизинде июлда министрлер деңгээлинде Кашмир чатагы, террорчулук, соода маселелери талкууланчы жыйынга негиз даярдалуусу керек. Мунун артынан 30-мартта Индияга крикет боюнча эки өлкөнүн курама командаларынын мелдешин көрүү үчүн Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани келери күтүлүүдө. Эки тарап тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууну февралда макулдашкан.
XS
SM
MD
LG