Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Ливия: каддафичилер качты, козголоңчулар басты


Козголоңчу күчтөр Бин Жавадды басып алып, Каддафинин туулган шаары Сиртени карай бет алышууда, 28-март, 2011
Козголоңчу күчтөр Бин Жавадды басып алып, Каддафинин туулган шаары Сиртени карай бет алышууда, 28-март, 2011

Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрү артка чегинген сайын, козголоңчулар көзөмөлгө алган шаарлардын саны өсүүдө. БУУнун “жабык аба мейкиндиги” резолюциясынын жардамы менен алар Каддафинин кичи мекени Сиртеге жакындап калганы айтылууда.

Каддафиге каршы чыккан козголоңчулар баш калаа Триполиге карай жыла башташканда, дүйшөмбүгө караган түнү лидердин туулган шаары Сиртеге коалициялык күчтөр абадан сокку урушту.

Козголоңчулар Сиртени ээледик дешкен, бирок бул маалымат ырасталган жок. “Рейтер” маалымат агенттигинин кабарчысы азырынча козголоңчулар бул шаарды колго алышканы эч байкалбайт деди.

Ливия өкмөтүнүн расмий өкүлү Мусса Ибрагим Сиртеге жапырык учурунда үч карапайым тургун мерт болгонун айтты.

Сирте баш калаа Триполи менен козголоңчулардын негизги күчтөрү жайгашкан Бенгазинин ортосунда орун алган.

Ээленген позиция

Кабарларга караганда, азыр Каддафинин аскер күчтөрү артка чегине баштады. Көптөгөн аскер жетекчилери менен дипломаттар качып кете баштаганы айтылууда. Маалымат агенттиктери оппозициянын өкүлү Шамсуддин Абдулмуллага шилтеме жасап, козголоңчулар Сиртеге карай жол алышканда Каддафинин күчтөрү тараптан анча деле чоң каршылык көрсөтүлбөгөнүн жазышты.

Коалициялык күчтөрдүн абадан жасалып аткан чабуулдарынан пайдаланып, козголоңчулар азыр чыгыш жээктеги Рас-Лануф, Брега, Агейла жана Бен-Жавад шаарларын басып алышты. Андан мурдараак Ажабияны да ээлешкен.

Алардын айтымында, азыр Ливиянын чыгышындагы бүт мунай терминалдары да оппозициянын колуна өттү. Оппозиция күнүнө 130 000 баррель мунай өндүрүп жатканын, бир аптанын ичинде аны сыртка экспорттой баштаарын билдирди.

Перси булуңундагы Катар мамлекети ал арада арап өлкөлөрүнүн ичинде оппозиция кеңешин Ливиянын легитимдүү бийлиги деп тааныган алгачкы өлкө болуп калды. Катардын артынан Перси булуңундагы мамлекеттердин кызматташтык кеңеши да “Ливиянын системасы легитимдүүлүктү жоготту” деп билдирди.

Азырынча Франция гана Ливиядагы убактылуу өкмөт катары чыгып жаткан Өткөөл улуттук кеңешти расмий тааныган.

Аталган кеңешти өлкөнүн мурдагы юстиция министри Мустафа Абдул-Жалил жетектейт жана ал Ливиянын негизги шаарларынан 31 өкүлдү ичине камтыйт.

Өлкөдөн качып кеткен оппозиция өкүлдөрү да кайтып, азыр утурумдук бийликти кантип түзүү боюнча сүйлшүүлөрдү жүргүзүүдө.

НАТО чабуулдарды жетектей баштады

Ливияда коалициялык күчтөрдүн аскердик операцияларын азыр толугу менен НАТО башкарууда. Бул тууралуу альянс жекшембиде билдирди.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен алардын максаты “Ливия элин, калк отурукташкан жайларды Каддафинин режиминин чабуулдарынан коргоп калуу” деп билдирди.

“Биз курал-жарактарга тыйууну киргизип жатабыз, аба мейкиндигин жаптык”, - деди Расмуссен.

Ал арада Каддафинин өкмөтү коалициялык күчтөрдүн бир аптадан берки чабуулдарынан 100дөй карапайым тургун мүрт кеткенин билдирди. Коалициялык күчтөрдүн расмий өкүлдөрү муну четке кагышууда.

Триполиде өкмөттүн расмий өкүлү Ибрагим Мусса НАТОну Ливиядагы уруштарда “бир тараптын таламын талашып жатат” деп айыптады.

"НАТО жакынкы күндөрү саясий талкууларды өзүнө ыңгайлуу позицияда жүргүзүш үчүн адамдарды өлтүрүүгө, армиянын машыктыруу лагерлери менен бекеттерин кыйратып жок кылууга даярданган", - деди М.Ибрагим.

Ошол эле маалда, Расмуссен НАТОнун максаты Ливия элин коргоп калуу деп кайталады.

“НАТО Бириккен улуттар уюмунун резолюциясынын бүт аспектилерин ишке ашырат. Андан ашырып жибербейт”, - деп баш катчы Улуттар уюмунун 17-марттагы резолюциясы тууралуу айтты. Анда уюмдун Коопсуздук кеңеши өлкөнүн элин сакташ үчүн Ливиянын аба мейкиндигин “учууга мүмкүн эмес зона” деп атаган резолюцияны кабыл алган эле.

Ал арада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров коалициялык күчтөрдүн абадан чабуул коюшун сындады. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Москвадагы жолугушууда Лавров коалициялык күчтөрдүн аракеттерин Бириккен улуттар уюмунун резолюциясында айтылган чектен ашып кетти деди.

"Коалициялык күчтөр ал жердеги ички граждандык согушка аралашып кетишине Бириккен улуттар уюмунун резолюциясы уруксат бербейт деп эсептейбиз", - деди орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG