Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Каржы полициясынын бир катар ыйгарым укуктар алынды


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөттүн алдындагы Каржы полициясы тууралуу токтомго кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каржы полициясы кызматы Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каржы полициясы кызматы болуп өзгөртүлдү.

Каржы полициясынан бир катар ыйгарым укуктар алынып, башка органдарга берилди. Маселен, мындан ары Каржы полициясы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, орто жана чакан бизнестеги мыйзам бузууларды аныктоого жана тергөөгө акысы болбойт. Мамлекетке зыяны тийбеген каржылык кылмыш иштерине катышпайт. Жасалма акча жасоого байланыштуу кылмыш иштерин жүргүзүү укугу Улуттук коопсуздук комитетине берилет. Ошондой эле Каржы полициясы буга чейин электрондук техникаларга байланыштуу кылмыш иштерине да аралаша алса, мындан ары бул укук Ички иштер министрлигине гана берилет. (IJz)

XS
SM
MD
LG