Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

"Фукусима": деңизде йоддун деңгээли жогору болуп чыкты


Жапониянын өзөктүк коопсуздук агенттиги "Фукусима Дайичи" реакторунун жанындагы деңиз суусунда йоддун деңгээли нормадан 3,35 эсеге ашканын билдирди. Бирок мекеменин жетекчи орун басары калктын ден соолугуна тынчсыздануу үчүн себеп жок, эл станциядан алыс жерлерге көчүрүлгөн, ал аймакта эч ким балык уулабайт деди.

- Адамдар деңиз суусун ичишпейт, агымдын таасири менен радиоактивдүү заттар тез эле тарап кетет. Анын үстүнө йод-131 деген элемент 8 күндүн ичинде эле жарым жартылай ажырайт. Деңиз азыктарында анын жогорку концентрациясы табылса да, адамдар жегенче радиоактивдүүлүктүн деңгээли кыйла азаят.

Премьер-министр Наото Кан анын өкмөтү жер титирөө менен цунамиден жабыркаган атомдук станциядагы абалга жакындан байкоо салып жатканын, бирок дагы эмне болуп кетерин айтуу кыйын экенин айтты. Оппозициядагы айрым депутаттар станциянын айланасындагы эвакуациялык чөлкөм кеңейтилбей жатат деп сындашууда

XS
SM
MD
LG