Сириянын президенти Башар Ассад толкундоолор башталган 15-марттан бери алгачкы ирет бүгүн калкка кайрылуу жасайт. Ал 48 жыл илгери киргизилген чукул кырдаал режимин алып салуу чечимин жарыялайт деп күтүлүүдө. Демонстранттар андан тышкары социалдык тармакта жана башка реформаларды талап кылышууда. Кечээ премьер-министр Мохамед Нажи Отринин кабинети кызматтан кетти. Элдик чыгуулар кан төгүүлөр менен коштолуп, эки аптанын ичинде 60тай киши набыт кетти. Атасынын ордун баскан Ассад Сирияны 2000-жылдан бери башкарып келатат.