Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Парламентте баш прокурорду кызматтан алуу маселеси талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңеш отурумунда “Республика” жана Социал-демократтар фракциясынын баш прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовду кызматтан алуу боюнча демилгеси талкууланат. Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, бул боюнча “Республика” фракциясынын лидери Канатбек Исаев баяндама жасайт. Буга чейин Башкы прокуратура Исаевге мурдагы ээлеп турган кызматы учурундагы аракеттери боюнча козголгон кылмыш ишти кайра жандантканын билдирген. "Республикачылар" бул иш-аракеттеринде саясий бойок бар деп баалап, Байболовду айыптап жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG