Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Индиялык крикетчилер дүйнө чемпиону болгону калды

Крикет боюнча Дүйнөлүк биринчиликтин жарым финалдык беттешүүсүндө Индия Пакистанды утту. Бул эки өлкөнүн оюнчуларынын 2008-жылы Мумбайдагы террордук чабуулдан бери Индияда болгон биринчи спорттук таймашы. Мохали шаарында өткөн мелдешке эки мамлекеттин тең премьер-министрлери келишти.

Эми индиялык крикетчилер 2-апрелде Мумбай шаарында болчу финалдык таймашта шриланкалык спортчулар менен күч сынашат.
XS
SM
MD
LG