Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Шашылыш эскертүү: үшүк жүрүшү күтүлөт


Синоптиктердин билдиргени боюнча, 3-4-апрель күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрүп, жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолордо кар түшөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын мол жаап, карга айланат. 4-6-апрель күндөрү Чүй өрөөнүнө, Ош. Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул гүл ачкан өрүктөргө коркунуч алып келет. Ал эми 2-4-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо: Бишкек - Ош (121-137, 198-265 км), Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка (74-76 км), Кара-Кулжа - Алайкуу (68-74 км) жана Каракол - Эңилчекте (45-90 км) кар көчкүсү күтүлөт. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сунуш кылынат. Айрым жерлерде кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болот. Ошого байланыштуу унаалардын жүрүшү кыйындайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG