Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Кыргызстанда ишембилик өтүп жатат


Жаштар иштери боюна министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бүгүн Кыргызстандын бардык облустарында жана айрым райондоруна айлана-чөйрөнү тазалоого багытталган ишембилик өтүүдө. Бул иш-чара ыктыярчы жаштардын демилгеси менен министрлик тарабынан уюштурулууда. Ага өлкө боюнча ыктыярчылар, студент, мектеп окуучулары катышууда. Ишембиликтин алкагында көчөлөр, коомдук жайлар тазаланып, тиешелүү жерлерге бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. Бишкекте ишембилик “Ата-Түрк” сейил багында өтүп жатат. Жаштар министрлиги бул иш-чараны ыңкылаптын бир жылдыгына арнап жатканын билдирди.  (KKs)

 

XS
SM
MD
LG