Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Суу каптоодон жабыркаган Ат-Башыга 100 миң сом бөлүнөт

Суу каптоодон жабыр тарткан Ат-Башы районундагы айылдарга Жогорку Кеңештин төрагалык фондунан 100 миң сом берилет. Бул тууралуу “Республика” фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков Ак-Муз, Ак-Моюн айылдарындагы абал менен таанышып жүргөн убагында “Азаттыкка” билдирди. Төрагалык фонддон бөлүнгөн каражат аталган айылдардагы суу нуктарын оңдоо иштерине жумшалмакчы.

25-марттан бери Ат-Башы районундагы Ак-Моюн жана Ак-Муз айылдарында тоодогу карлар эрип, айыл чекесиндеги сайлардан, арыктардан ашкан суулар үйлөрдүн ичине кирип, көп турак-жайлардын жертөлөсү сууга толуп калган.

Ак-Моюн айылында суудан 290, Ак-Муз айылында 101 үй жабыркады. (ErB)
XS
SM
MD
LG