Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Каддафинин чабарманы Грекияга кат алып келди


Жекшембиде Ливиянын атайын чабарманы Афинага Муаммар Каддафинин катын алып келди.

Грекиянын Тышкы иштер министрлиги Ливиянын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Абдул-Ати ал-Обей Грекиянын премьер министри Георг Папандреу менен жолукканын билдирип, ,бирок сүйлөшүүнүн мазмуну жөнүндө маалымат берилген жок.

Жума күнү Каддафинин өкмөтү АКШ, Британия жана Франция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туңгуюктан чыгуунун жолдорун талкуулоого аракеттенгенин Каддафинин өкүлү билдирди.

Ал ортодо Ливиянын чыгышындагы Брега шаарында козголоңчулар менен Кадафинин күчтөрү кармашып жатканы кабарланды.

Ливияда февраль айында башталган Каддафиге каршы массалык каршылык акциялары куралдуу согушка айланып, карапайым элди коргоо максатында Улуттар Уюмунун атайын резолюциясынын алдында эл аралык күчтөр жаңжалга аралашты.

XS
SM
MD
LG