Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:05

Жапон АЭСинен чыгып жаткан радиацияны токтотуу бир нече айды талап кылат


Бул тууралуу Жапониянын өзөктүк коопсуздук боюнча агенттиги билдирүүдө. Аталган мекеменин өкүлү Сейжи Широянын айтымында, "Фукусима" АЭСинен чыгып жаткан радиациянын токтоосу үчүн оболу АЭСтин муздатуу системасы калыбына келүүсү керек жана бул иш бир нече айды талап кылышы мүмкүн. Өткөн айдагы жер титирөөдөн жана аны коштогон цунамиден жабыр тарткан АЭСтен чыгып жаткан радиация абаны, сууну, жерди булгап, мунун келечектеги кесепеттери боюнча кооптонуулар айтылууда.

Бул аралыкта бүгүн жапон полициясы зилзала менен цунамиден 12 000 адам өлгөнү ырасталганын, 15 500дөн ашуун киши дайынсыз жоголду деп эсептелип жатканын жарыялады.

XS
SM
MD
LG