“Ак шумкар” партиясы бүгүн ачык кайрылуу таратып, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун 1-апрелде парламентте айткандары боюнча депутаттык териштирүүнү баштоону талап кылды. Кайрылууга ылайык, К.Байболов парламентте өлкөнүн биринчи жетекчилеринин ысымын атап, аларга өтө олуттуу айыптоолорду такты. "Андыктан парламент ар бир айтылгандарды териштирип, эгер айтылгандар далилдене турган болсо жогорку жетекчиликти да сот жообуна тартуу керек" деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле билдирүүдө депутаттык иликтөө процессине басым-кысым болбоосу үчүн депутаттык териштирүү парламенттеги бардык фракциялардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз укук коргоочулардан, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн түзүлүп, иликтөө ачык жүрүшү керектиги айтылат. (IJz)