Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Жапония булганган сууну океанга куя баштады


Токиодон түшкөн кабарларга караганда, Жапония кырсыктаган "Фукусима" АЭСинен көлөмү 11 миң тонна келген жана төмөнкү деңгээлдеги радиоактивдүү сууну деңизге төгө баштады. Мындай чара радиациясы жогорку деңгээлдеги таштандыларга орун бошотуу үчүн көрүлүүдө. Жапон өкмөтүнүн өкүлү Юкио Эданонун айтымында, бийликте радиоактивдүү материалдар аралашып кеткен сууну океанга төгүүдөн башка арга жок.

Өткөн айдагы жер титирөөдөн жана аны коштогон цунамиден жабыр тарткан АЭСтен чыгып жаткан радиация абаны, сууну, жерди булгап, мунун келечектеги кесепеттери боюнча кооптонуулар айтылууда.

Жапониянын өзөктүк коопсуздук боюнча агенттигинин билдиргенине караганда, "Фукусима" АЭСинен чыгып жаткан радациянын токтоосу үчүн оболу АЭСтин муздатуу системасы калыбына келүүсү керек жана бул иш бир нече айды талап кылуусу мүмкүн.

Бул аралыкта бүгүн жапон полициясы зилзала менен цунамиден 12 000 адам өлгөнү ырасталганын, 15 500дөн ашуун киши дайынсыз жоголду деп эсептелип жатканын жарыялады.

XS
SM
MD
LG