Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Иран президенти араб коңшуларынын сынын четке какты


Махмуд Ахмадинежад Перси булуңу Кызматташтык кеңешине кирген алты өлкөнүн Тегеранга багытталган сынын АКШ жана анын өнөктөштөрү көрсөткөн кысымдын жыйынтыгы деп баалады. Калкынын басымдуу бөлүгүн суниттер түзгөн өлкөлөрдүн биримдиги - Перси булуңу кызматташтык кеңеши уюму кечээ Эр-Рияддагы чукул жыйындан кийинки билдирүүсүндө Иранды "Бахрейнде диндер ажырым салууга аракеттенгени", "Кувейтке кийлигишүүсү чектен чыгып, бул мамлекетте тыңчылар түйүнүн уюштурганы" үчүн айыптаган.

Ал эми калкынын басымдуу бөлүгүн шийиттер түзгөн Иран мурдараак Сауд Аравияны демонстранттар менен кагылышта өкмөткө колдоо көргөзүү үчүн Бахрейнге аскер жөнөткөнүн жана бул өлкөдөгү элдик толкундоолордун артында Иран турарын ишара кылганы үчүн сындаган.

XS
SM
MD
LG