Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

"Мегаком" чырын иликтеген жумушчу топ ишин жыйынтыктоодо


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, "Мегаком" байланыш операторунун ээси «Альфа телекомдун» айланасындагы чырдуу маселелерди иликтеген парламенттеги жумушчу топ ишин корутундулап, бүгүн жыйынтыктоочу жыйынын өткөргөнү турат.

Буга чейин аталган жумушчу топтун жетекчиси Акылбек Жапаров иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, бир катар демилгелер сунушталып жатканын, алардын ичинде "Мегакомдун" жүз пайыз акциясын мамлекетке өткөрүү сунушу бар экендигин ачыктаган.

Жогорку Кеңеш төрагасынын демилгеси менен түзүлгөн бул жумушчу топтун курамына депутаттар Галина Скрипкина, Азамат Арапбаев, төраганын кеңешчиси Султан Медеров жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Текшерүү иштери эки багытта жүргүзүлө тургандыгы кабарланган. Алар: мүлктү кимге таандыктыгын аныктоо жана каржы операцияларынын мыйзамдуулугун тактоо болуп саналат. (KKs)

XS
SM
MD
LG