Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

АКШ: 11-сентябрь боюнча айыпталуучуларды Аскер соту карайт


2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу терракты уюштурган деп айыпталып жаткан Халид Шейх Мохаммед менен анын төрт тарапкеринин ишин Кубадагы Гуантанамо базасында Аскерий сот карай турган болду.

Бул тууралуу АКШнын баш прокурору Эрик Холдер жарыялады.

"Конгресс мүчөлөрү киришип жатып, Гуантанамодо кармалгандардын бирин да АКШга алып келүүгө уруксат берилген жок. Президент айткандай, биздин акылсыз жана ойлонулбаган кадамдарыбыз терроризм менен күрөшүүдөгү аракеттерибизди майнапсыз кылып, биздин улуттук коопсуздукка шек келтирүүсү мүмкүн".

2009-жылы президент Обама бийликке келгенден кийин бир жыл ичинде Гуантанамо түрмөсүн жабууга убада берген. Ага улай эле Эрик Холдер Мохаммед жана анын төрт жанжоокеринин ишин Манхеттен федералдык соту карай тургандыгын айткан болчу.

АКШ президентинин аракетине карабастан, Конгресстеги көпчүлүктү түзгөн республикачылар Гуантанамодо кармалгандарды Аскерий сот карасын деген чечимге жетишти.

XS
SM
MD
LG