Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Жумгалдык депутаттар Жогорку Соттун алдында митинг өткөрүштү


Бүгүн Жумгал районунун Байзак айылдык кеңешинин депутаттары менен айыл өкмөтүнүн башчысы Адыл Сапаров баштаган айыл башчылары Бишкекте Жогорку Соттун алдында митинг өткөрүштү. А.Сапаров “Азаттыкка” билдиргендей, алар Жогорку Соттон 2008-жылдан бери жер салыгы боюнча карызын төлөбөй келаткан “Беш-Сары” ишканасынын карызын толук өндүрүп берүүнү талап кылышууда. Айыл өкмөтүнүн айтымында, мурда Кара-Кечедеги көмүр кенин иштеткен “Беш-Сары” ишканасы Байзак айылынын жергиликтүү бюджетине 1 миллион 218 миң сом карыз. “Беш-Сарынын” жетекчиси Камчыбек Жолдошбаев ал карызды 2008-жылдан бери төлөбөй келатат.

Буга чейин карызды төлөтүү максатында Байзак айылынын жетекчилиги Нарын райондор аралык сотуна кайрылган. Сот алардын арызын жарым-жартылай канааттандырып, “Беш-Сарыны” айылдык бюджетке 700 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Байзак айылынын тургундары макул болбой, карызды толук төлөтүүнү талап кылып Нарын облустук сотуна кайрылышкан. Бирок облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эми Жогорку Сотко кайрылган жумгалдыктар, “Беш-Сарыдан” карызды толук өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

Жогорку Сот бул талашты бүгүн карамакчы болуп, бирок “Беш-Сары” ишканасынын жетекчиси Камчыбек Жолдошбаев келбей калганына байланыштуу сотту 14-апрелге жылдырды. Байзак айылдык кеңештин депутаттары болсо “жасалма түрдө сот процесси созулуп атат” деген негизде 14-апрелде Жогорку Соттун алдында бул жолкудан ири митинг өткөрүүнү пландашууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG