Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Пил Жээгинин борборунда уруш уланууда


Пил Жээги өлкөсүнүн байтакты Абижанда бүгүн 5-апрелде кагылышуулар кайра уланды. Батыш Африка өлкөлөрү президент деп тааныган Алассан Уаттардын күчтөрү бийликтен кетпей жаткан Лоран Гбагбону оодарып салуунун аракетин кылууда.

4-апрелде кечинде Уаттарга ишенимдүү аскерлер Гбагбонун резиденциясын басып алганын билдиришти. Анын алдында БУУнун жана Франциянын тикучарлары Гбагбонун Абижандагы резиденциясына сокку урган. БУУнун маалымдашынча, Гбагбонун күчтөрү эл аралык аскерлерге жана карапайым элге чабуул жасашкан.

XS
SM
MD
LG