Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Конгодо БУУнун учагы кыйрап, 32 киши набыт болду


Конго Демократтык Республикасында БУУнун учагы кырсыкка кабылып, 32 киши курман болду. 4-апрелде болгон кырсык Улуттар уюмунун кызматкерлерин ташуу маалындагы эң жаман окуя катары сыпатталды. Күбөлөрдүн айтышынча, Кисангани шаарынан учуп чыккан учак катуу жамгырда Киншаса аэропортунун тасма жолуна конуп жатып, сынып кеткен. Тирүү калган бир адамдын жана курман болгондордун аты теги жарыялана элек.

БУУнун Конгодогу миссиясында 19 миң тынчтык аскери кызмат өтөт. Миссиянын вазийпасы коогалаңдуу өлкөдө адамдардын укугун жана мыйзамдуулукту коргоо.

XS
SM
MD
LG